Нурсултан Назарбаев: "Мен сени сүйөм..."

Нурсултан Назарбаев:
3-Ноя. 2018, Ишемби, 13:40

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Казак эл артисти Алибек Днишев менен чогуу ырдады.

Анын чогуу ырдаганы “Акорд” пресс-кызматынын расмий баракчасына жарыяланып Tengrinews.kz сайтына коюлду.

Нурсултан Назарбаев менен Алибек Днишев жолуккандан кийин “Мен сени сүйөм, менин өлкөм” деген ырды чогуу ырдашкан. Бул орусча ырдын сөзү И.Назалевич, ал эми обону Г.Подэльскийге таандык.

Казак президенти Назарбаев казак эл ырчысы Алибек Днишев менен жолукканда, ырчынын өлкөнүн маданиятына жана искусствосуна опол-тоодой эмгеги бар экенин белгиледи. “Астана Опера” театрындагы Днишевдин Астана шаарынын 20 жылдык концертинде өткөн ийгиликтүү иш-чарасы менен президент куттуктап, жолугушуунун аягында экөөнүн чогуу ырдаганы жарыяланды. Негизги ырдын мазмуну патриоттуулукту жана жашоо образын көрсөтөт.

Эскерте кетсек, КМШ президенттеринин арасынан Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Мяликкулиевич Бердымухаммедов да өзү чыгарган ырларды ырдайт, ал эми Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев да өзү чыгарган ырларды, гитаранын коштоосунда ырдаганы бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!