Камчыбек Жолдошбаев менчик имаратын мектеп кылууга берди

Камчыбек Жолдошбаев менчик имаратын мектеп кылууга берди
3-Ноя. 2018, Ишемби, 15:46

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Баетов айыл аймагынын Кайыңды-Булак айылындагы жеке менчик имаратын мектеп катары пайдалууга биротоло өткөрүп берди. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молодокадыров “Zaman Kyrgyzstan” маалымат агенттигине кабарлады. Анын айтымында, мурун окуучулар эски мектепте окуп келишкен. Депутатка сунуш менен кайрылганда ал макул болуп, менчик имаратын мектеп катары колдонууга белекке берген.

“Буга чейин окуучулар эски мектепте окуп жүрүшкөн, шарты деле жакшы болчу. Камчыбек Жолдошбаев берген имарат үч кабаттуу, мурунку административдик автобаза болуп эсептелинет. Азыр имаратты муниципалитетке өткөрүп берүү процесси жүрүп жатат. Толук кандуу жылытуу системаларын орнотуп, ремонт жүргүзгөндөн кийин 2019-жылы сентябрь айында окууга берилет. Быйыл Ак -Талаа районунун Баетов айылы 90 жылга толот. Анын алкагында биз ага “имаратты белек катары мектеп кылалы” деп кайрылганбыз. Имараттын орточо баасы 70 -100 млн сом болот. Имараттын артында дагы бош орундар бар. Ремонт кылсак футбол аянтчасына жарайт”, - деди Молдокадыров.

Коомчулукка өзгөчө сунуштары менен белгилүү болгон Камчыбек Жолдошбаев Кытайдан алган насыядан кутулуу үчүн өз чөнтөгүнөн 10 млн сом берерин айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
 Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
 Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
 Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду