Жол кырсыгына кабылгандардын бирөө каза тапты

17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Россиянын Ленинград облусундагы Тосно районунда болгон жол кырсыгында жабыркаган кыргызстандык 4 жарандын бири каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, кыргыз жараны кан жоготуудан улам каза тапкан. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 4 кыргыз жарандын ичинен 2 кыргызстандыктын абалы орто экенин кабарлашкан.

Эскерте кетсек, 14-апрелде Россияда "Форд" үлгүсүндөгү кичи автобус оор жүк ташуучу унаанын артына кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен 19 адам жабыр тарткан. Жаракат алган адамдар Тосненск райондук клиникалык ооруканасына жеткирилген. Алардын ичинен 6 адамдын абалы оор, төртөөнүн абалы орто жана тогузунун абалы жакшы экени айтылган.

Ошондой эле жабырлануучулардын ичинен алты адам Россия Федерациясынын жараны, бешөө Өзбекстандын, төртөө Кыргызстандын, үчөө Украинанын жана бирөө Тажикстандын жараны экени белгилүү болду

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!