Ош-Бишкек жолундагы курулуштар алынууда

17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын Өзгөн шаары боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан Ош-Бишкек унаа жолундагы кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштар алынып жатат. Бул тууралуу бүгүн 17-апрелде ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти

Маалыматка ылайык, Өзгөн шаарынын Мирзарахимов көчөсүндө жайгашкан мыйзамсыз курулуштардын ээлерине буга чейин бир катар эскертмелер берилген. Бирок ошого карабастан коюлган талаптар аткарылбай келген.

“2017-жылдын 10-12-апрелинде чыккан соттун чечимине ылайык Шайырбек Жоробай уулу, Азамжан Розахунов, Батырали Мийманов, Сабыржан Исмаилов, Илхамжан Буванаров, Шокиржан Розываев, Омаржан Исиралиев аттуу жарандарга тиешелүү мыйзамсыз курулуштар Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан сүрдүрүлүп алынды",-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Ош-Бишкек жолунда кызыл сызыкты бузуп, мыйзамсыз жайгашкан курулуштарды жок кылуу иштери азыркы учурда уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!