Бишкекте 20-апрелде алгачкы жолу “FuckUp Night” (Кыйроолор кечи) деген аталышта белгилүү ишкерлер өзүнүн бизнести туура алып кетүү ыкмалары жөнүндө айтып беришмекчи. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага белгилүү бизнес-консультатат Эркин Жаманбаев, ивент-менеджмент Дарика Асылбашева, бийчи Атай Өмүрзаковдор катышып, өздөрүнүн ийгилик сырлары менен бөлүшмөкчү.
Уюштуруучулар билдиришкендей, кечеде жандуу музыка, фуршет уюштурулуп, жай олтуруп баарлашууга ыңгайлуу шарттар каралган.
Бул иш-чарага катышууну каалагандар https://goo.gl/forms/Vhyumk9RsKDW1BBu2 шилтемеси аркылуу катталса болот.