Кырсыктын чоо-жайы эки жумада аныкталат

18-Апр. 2017, Шейшемби

Жакында эле Бишкекте Горкий жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде автокырсыкка учураган маршруттук каттам «Мейкин» жеке фирмасына таандык. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Бул окуя боюнча Бишкек шаардык жол кайгуул кызматы (ЖКК) тарабынан №199 маршруттук каттамга экспертизалык текшерүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгы эки жуманын аралыгында жарыяланат.

“Эгер айдоочу күнөөлүү деп табылса, КРнын Транспорт министрлиги «Мейкин» жеке фирмасынын буга чейинки мыйзам бузууларын эске алуу менен жүргүнчүлөрдү ташууда каттоо ишин токтотуу каралат”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2016-жылда апрель айында мэрия маршруттук каттамдарды бөлүштүрүү боюнча сынак өткөргөн. Анын жыйынтыгында, талапка жооп берген маршруттук каттамдар менен келишим түзүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!