Жабыркаган тургундар чатырларга көчүрүлдү

18-Апр. 2017, Шейшемби

Өзгөн районунун Жалпак-Таштагы турак жайы жабыркаган жашоочулары толук түрдө чатырларга көчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-апрелде саат 10:00дөн баштап Кысык-Алма айылынын Чырмаш тилкесинде көлөмү болжол менен 9 жүз миң м³ колоттун ичи менен 3-4 чакырым аралыкка жер көчкү жылып, 16-апрель күнү 5 турак жайды басып калган жана 1 бүтө элек турак-жайга 10 метр аралык калган.

Андан сырткары Куршаб-Жалпакташ унаа жолунун 10-чакырымында 50 метр аралыгын басып, жол каттамы убактылуу жабылган.

16-апрель күнү жер көчкү коркунучундагы 6 турак-жайдын жашоочулары туугандарынын жана коңшуларынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.

Ушул эле күнү ӨКМи тарабынан турак-жайсыз калган жарандарга 6 даана 5 орунду чатыр тигилип, 6 үй-бүлө жайгаштырылган.

«Ошондой эле кечээ, 17-апрель күнү тигилген чатырларга Райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери тарабынан электр энергиялары тартылып киргизилген. Ал эми Кысык-Алма айылынын Чырмаш участкасына баруу үчүн айланма унаа каттамы бар»,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!