Кыргызстанда майып адамдардын саны 184 миңге жетти

Кыргызстанда майып адамдардын саны 184 миңге жетти
27-Ноя. 2018, Шейшемби, 16:30

Кыргызстанда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 184 миң адамды түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров депутаттардын сурооолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, 2018-жылдын 1-январына карата 18 жашка чыга элек майып балдардын саны 299 миңге жеткен.

Талкуу учурунда депутат Аалы Карашев майып адамдарды колдоо үчүн мамлкекет тарабынан канча каражат бөлөрүнө кызыкты. Министр Улукбек Кочкоров: “Мамлекеттик жөлөк пул, үй - бүлөгө көмөк менен чогуу сумма 10 млрд болуп жатат. Бүгүнкү күндө ар бир майып балага төр миң сомдон төлөйбүз. 1-топтогу адамдар 4000 сом , 2-топтогулар 3,300 сом ,3-топтогулар 2700 сом алат”, - деп жооп берди.

Аталган комитет “БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Аны менен бирге, бир эле мезгилде Конвенцияга карата Факультативдик протокол да кабыл алынган. Мунун негизги максаты - баардык майыптар адамдардын укуктарын жана негизги эркиндиктерин, ошондой эле аларга тиешелүү аброюн сыйлоого артыкчылык берүү менен камтылган.

Конвенциянын ченемдерин ишке ашырууга алгачкы 10 жылга 6647,08 млн сом керектелет, анын ичинен иш-чараларга – 1575,0 млн сом билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, маданий жашоого катышууга, эс алууга, спорт менен машыгууга, инфраструктураны жакшыртууга – 5072,8 млн сом керектелет.

Депутат Жыргалбек Турускулов министрдин мындай демилгесин сынга алып, Өкмөттөн акча сурабай, көйгөйлүү маселелерди өз алдынча чечүү зарылдыгын белгиледи. “Кайра-кайра эле акча сурай бересиӊерби? Өкмөттө акча жок, андан көрө министрликте орун алган коррупциялык схемаларды жоюш керек. Акча мына ушул жерде. Ал каражатты туура пайдаланыш керек”, - дейт эл өкүлү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ачка калган аюулар айылга жакындады
Ачка калган аюулар айылга жакындады
Айгерим Расул кызына «Жылдын мыкты ырчы айымы» наамы ыйгарылды
Айгерим Расул кызына «Жылдын мыкты ырчы айымы» наамы ыйгарылды
Жеңишбек Жумакадыр: Миң жолу суранса да макул элем
Жеңишбек Жумакадыр: Миң жолу суранса да макул элем
Абылгазиев: Логистикалык борбордо 10 миң жумушчу орун түзүлөт
Абылгазиев: Логистикалык борбордо 10 миң жумушчу орун түзүлөт
Турдакун Ниязалиев жаңы клип тартты
Турдакун Ниязалиев жаңы клип тартты
Марлен Маматалиев:
Марлен Маматалиев: "Мен Жогорку Кеңешке элдин жашоосун өзгөртө алам деген максатта келдим"
Сапаргүл Абдинабиева: Эмнеге жаңы төрөлгөн баланын алгачкы 1000 күнү маанилүү?
Сапаргүл Абдинабиева: Эмнеге жаңы төрөлгөн баланын алгачкы 1000 күнү маанилүү?
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Путиндин
Путиндин "өзөктүк" сумкасын ачык көрсөтүштү
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
"Селсаяк" рейдинин негизинде 17 жаран текшерилди
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты