Базар-Коргондо массалык уулануу катталды

18-Апр. 2017, Шейшемби

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Могол айылында тамак-ашка массалык уулануу катталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдиргендей, Базар-Коргон райондук ооруканага 22 жаран тамак-ашка ууланып кайрылган.

Алар 15-апрелде майрамдык кечеде сапатсыз салатты жешкен. Кийин ооруканага кайрылып тийиштүү медициналык жардамдарды алышкан. Учурда кайрылган 22 жарандын экөөсүнүн абалы орто. Калгандарынын абалы канааттандырарлык.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!