“Бейформал Путин” сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

18-Апр. 2017, Шейшемби

Бишкекте бүгүн, 18-апрелде Н.Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинде Россиянын президенти Владимир Путиндин “Бейформал Путин” деген аталышта сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Фотокөргөзмө Кыргызстан менен Россиянын дипломатиялык кызматташтыгынын 25 жылдыгына арналган.

Мында Путиндин расмий эмес жолугушууларда тартылган сүрөттөрү коюлган. Ал эмгектер “Московский комсомолец” гезитинин фотокабарчылары Александр Астафьев менен Наталья Губернатороваларга таандык.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!