БШК шайлоонун датасы тууралуу түшүндүрмө берди

18-Апр. 2017, Шейшемби

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарынын күздө болуучу президенттик шайлоо күнүн белгилөө боюнча билдирүүлөрү массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, калк арасында ар кандай пикирлердин жаралышына шыкак берип жатканы тууралуу үн катты.

БШКнын маалымат кызматы билдиргендей, президенттик шайлоо күнүн аныктоо маселеси конституциялык мыйзамдын негизинде ишке ашат.

Ага ылайык, президент Кыргызстандын жарандары тарабынан 6 жылга шайланат.

«Конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык «Президентти кезектеги шайлоо иштеп жаткан Президенттин ал шайланган мөөнөттөгү ыйгарым укуктары аяктоочу жылдын ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 ай калгандан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат»,-деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, кечээ 17-апрелде “Ата Мекен” фракциясы басма сөз жыйынында август айында президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу сунуш жолдогон. Мыйзам боюнча августта шайлоо өтүшү керектигин жүйө келтирип, парламент 26-апрелге чейин шайлоо датасын аныкташы зарылдыгын айттышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!