Жеңиш майрамы жогорку деңгээлде уюштурулат

18-Апр. 2017, Шейшемби

Президент Алмазбек Атамбаев 9-май - Улуу Жеңиштин 72 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү боюнча өкмөткө тапшырма берди.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, бул тууралуу президенттин буйругу чыгып, анда майрамды жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча иш пландарын иштеп чыгуу, уюштуруу иштерин алып баруу милдеттендирилген.

Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 363 миң жоокер аттанган. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 640 ардагер жеңиштин жетимиш экинчи жазын тосуу алдында турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!