Көк-Арттын деңгээли көтөрүлүүдө

18-Апр. 2017, Шейшемби

Сузак районундагы Тайгараев айыл аймагы аркылуу агып өткөн Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, учурда дарыянын сол жээгин жеп баштаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ынтымак айылына кооптуулук жаралгандыгы үчүн өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо жана алдын алуу иш-чараларын уюштуруу, кечирилгиз иш-чараларды көзөмөлдөш үчүн 18-апрель күнү ӨКМнин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ жерине чыгып кетишти.

Дарыянын агамы учурда секундасына 250 метрди түзөт.

"Суунун агымы Блоговешенко айылындагы Сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнүн балансындагы №4 коргоочу тосмонун жууп, Блоговешенко айылындагы турак жайларга кооптуу абал жаралууда", -деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, тиешелүү адистер жана жетекчилер кооптуу участокко барышып абал менен таанышышкан. Ошондой эле 17-апрель күнү саат 21:00дө Жарандык коргонуу кызматтарына “Айгай” жарыяланып, жеринде тактоо жана Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында чогулуш өткөрүлгөн. 30 мекеме ишканалардын ар бирине бирден оор жүк ташуучу унаа менен таш алып келип дарыянын жээгин бекемдөө иштери милдеттендирилип, анын негизинде суу жеп кеткен жерлерди бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!