Кыргызстан "Бизнес жүргүзүү" рейтингинде 7 орунга көтөрүлдү

Кыргызстан
4-Дек. 2018, Шейшемби, 18:41

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Бизнес жүргүзүү» («Doing Business») эл аралык рейтингиндеги Кыргызстандын позициясын жакшыртуу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө экономика министри Олег Панкратов маалымдагандай, Дүйнөлүк банктын отчетуна ылайык, «Төлөм жөндөмсүздүгүн чечүү» – 82-орун (+37), «Эл аралык соода» – 70-орун (+14), «Миноритардык инвесторлорду коргоо» – 38-орун (+13) жана «Келишимдерди аткарууну камсыздоо» 131-орун (+8) сыяктуу айрым индикаторлор боюнча өлкө өз позицияларын жакшыртууга жетише алды.

Ал кошумчалагандай, аталган позициялардын жакшыруусунун жыйынтыгында Кыргызстандын «Бизнес жүргүзүү» рейтингинде 77-орундан 70-орунга көтөрүлүшүнө мүмкүндүк берген.

Буга катар белгиленгендей, айрым министрлик жана ведомстволор тарабынан «Бизнес жүргүзүү» рейтингинин алкагындагы Иш-чаралар планын аткаруу боюнча жетишсиз чаралар кабыл алынууда, буга байланыштуу өлкөнүн калган индикаторлор боюнча позициялары мурдагы деңгээлде калып, же начарлоодо.

Премьер-министр эскерткендей, Өкмөт тарабынан 2023-жылга карата «Бизнес жүргүзүү» рейтингиндеги алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кирүү милдети коюлган. Буга байланыштуу Абылгазиев «Энергетика менен камсыздоо тутумуна кошулуу» – (164-орун) жана «Салык салуу» – (150-орун) индикаторлорун жакшыртууга жоопкер мамлекеттик органдардын ишин сынга алды.

Мындан тышкары, Абылгазиев өлкөнүн министрлик жана ведомство жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги тууралуу эскертти.

Премьер-министр мамлекеттик органдарга эки жумалык мөөнөттө «Бизнес жүргүзүү 2019» рейтингинин индикаторлорун талдап, сапаттуу сын-пикирлерди киргизүүнү тапшырды.

Аларды эске алуу менен «Бизнес жүргүзүү» рейтингиндеги Кыргызстандын позициясын жкшыртуу боюнча Иш чаралар планынын долбоорун толуктап иштеп чыгуу жана өкмөттүн кароосуна ыкчам алып кирүү тапшырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​16-декабрь: күн суук болуп, кар жаайт
​16-декабрь: күн суук болуп, кар жаайт
Жамшитбек Калилов:
Жамшитбек Калилов: "Жумушсуз калбайм деген ойдомун" (видео)
Ырчы Кулипа Керимбаева: “Жашоо өзү театр, ал жашоодо ар кандай”
Ырчы Кулипа Керимбаева: “Жашоо өзү театр, ал жашоодо ар кандай”
Украина: “Россияга поезд каттамдары токтотулсун”
Украина: “Россияга поезд каттамдары токтотулсун”
“Facebook” желеге 7 миллион колдонуучунун сүрөттүн жарыялады
“Facebook” желеге 7 миллион колдонуучунун сүрөттүн жарыялады
Транспорт министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетти
Транспорт министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетти
Президентке, өкмөткө каршы акциялар кайра жанданды
Президентке, өкмөткө каршы акциялар кайра жанданды
Вице-спикерликке Аида Касымалиеванын талапкерлиги жактырылды
Вице-спикерликке Аида Касымалиеванын талапкерлиги жактырылды
“Brabus” дүйнөдөгү эң кымбат жол тандабасты курду
“Brabus” дүйнөдөгү эң кымбат жол тандабасты курду
​Калктын 0.8 пайызы жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде жашайт
​Калктын 0.8 пайызы жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде жашайт
30 кабаттык мейманкана 15 күндө курулду
30 кабаттык мейманкана 15 күндө курулду
​Бишкек мэриясы 301,2 млн. сомго автобус сатып алат
​Бишкек мэриясы 301,2 млн. сомго автобус сатып алат
Өкмөттө ИДП көбөйтүү демилгеси боюнча кеңешме өттү
Өкмөттө ИДП көбөйтүү демилгеси боюнча кеңешме өттү
Банкоматтардан акча чыгарууга чектөө киргизилди
Банкоматтардан акча чыгарууга чектөө киргизилди
Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президентине көңүл айтты
Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президентине көңүл айтты
Эске сактоо жөндөмүн жакшыртуунун эң оңой жолу
Эске сактоо жөндөмүн жакшыртуунун эң оңой жолу