Алмазбек Асанбаев ТИМдин жетекчисинин кеңешчиси болуп дайындалды

 Алмазбек Асанбаев ТИМдин жетекчисинин кеңешчиси болуп дайындалды
5-Дек. 2018, Шаршемби, 10:04

Чет өлкөлөрдөгү мекендештерибизге колдоо көрсөтүү боюнча координациялуу иш жүргүзүү жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты илгерилетүү максатында Тышкы иштер министрлигинде министрдин кеңешчиси болуп Алмазбек Асанбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул дайындоо президент Сооронбай Жээнбековдун Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш түзүү жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана мекендештерди колдоо аракеттерин ТИМ тарабынан координациялоону камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!