Жайлоого жылкы издеп чыгып кеткен жаранды издөөгө 40 адам тартылды

Жайлоого жылкы издеп чыгып кеткен жаранды издөөгө 40 адам тартылды
5-Дек. 2018, Шаршемби, 10:28

29-ноябрь күнү Лейлек районунун Өзгөрүш айылынын 52 жаштагы тургуну К. М. үйүнөн Бужум жайлоосунун Ак-Таш жайытына жылкы издеп чыгып кетип, дайынсыз жок болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, издөө иш-чараларын жүргүзүүгө 2-декабрь күнү жалпы 25 куткаруучу тартылып, бирок табылган эмес.
Мындан улам издөөнү улантуу максатында ӨКМден 22 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 18 адам, 4 унаа 9 ат менен чыгып кетишкен. Кошумча маалымат берилет.

(сүрөттүн окуяга тишеси жок)
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!