Депутат Саламаттыкты сактоо министрлигин жоопкерчилик алууга чакырды

 Депутат Саламаттыкты сактоо министрлигин жоопкерчилик алууга чакырды
5-Дек. 2018, Шаршемби, 10:56

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйында “Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиги жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралап жатканда депутат Аалы Карашев Саламаттыкты сактоо министрлигин жоопкерчилик алууга чакырды.

"Мен бул жерде эки гана нерсени көрүп жатам. Биринчиси министрликтин угун өкмөткө жүктөп жатасыңар, дагы эле коллективдүү жоопкерчилик болсун деп. Экинчиси, эл аралык келишимдер күчүнө кирет, ошол биздин улуттук мыйзамдын бир бөлүгү болуп калат деген. Башка жаңылык көрө алган жокмун. Ошондуктан менин айтарым, мына Юстиция министрлиги ушуларды алып келгенде ревизия инвентаризация деп эле жүздөгөн мыйзамдарды алып келип жатасыңар. Эмнеге десе эле? "Ченемдик укуктук акты жөнүндө" мыйзамга туура келбейт, өкмөт жөнүндөгү мыйзамга туура келбейт",- деп эле бир сөздү экинчи сөз менен эле алмаштырып алып келип жатасыңар. Мүмкүн ошол мыйзамдарды карап чыкпайсыңарбы? Мүмкүн Конститутциялык өкмөт жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизели. Балким "ченемдик укуктук актылар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизели. Ошондой майда чүйдө укуктарды өкмөткө эле жүктөй бербей, министрлик эле чечпейсиңерби жоопкерчиликти алып. Азыр өкмөткө силер бересиңер, өкмөт кайра силерге берип коет. Анын эмне кереги бар",- дейт Карашев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!