ИИМдин Ардагерлер Кеңеши: акыйкаттык өкүм сүрүшү керек

ИИМдин Ардагерлер Кеңеши: акыйкаттык өкүм сүрүшү керек
5-Дек. 2018, Шаршемби, 13:49

ИИМдин Ардагерлер Кеңеши коомдук ишмер, саясатчы Адахан Мадумаровдун кайрылуусу боюнча өз пикирлерин билдиришти.

Анда: “Биринчиден, баса белгилеп айта кетүүчү нерсе Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылынын “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кен иштетүүчү аймакта кызматын өтөө учурунда Терек-сай айылынын жергиликтүү тургундары тараптан милиция кызматкерлерине карата күч колдонушкандыгы боюнча ИИМ бир нече жолу так расмий билдирүү жасады.

Бирок ошого карабастан Терек Сайдагы окуяларга милиция кызматкерлерин күнөөлөп жатышкандыгы акылга сыйбаган көрүнүш катары бааланууга тийиш. Анткени, милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоодо, өзгөчө маанилүү обьектилерди жана жайларды күзөткө алууда өздөрүнө тапшырылган иштерди аткарууда кызматтык милдеттерин так аткаруу учурунда аларга карата жоон топ жергиликтүү жарандар тарабынан күч колдонулду. Мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнө кол салуу менен алар мыйзамдуулукту сактоону четке кагуу менен кылмышка барышты. Муну, социалдык түйүндөрдө жана интернет булактарында тараган видео тасмадан ачык айкын жана таасын көрүүгө болот.

Бирок, мына ушулардын бардыгын билип, көрүп туруп, балким ага жеткен маалыматтарды тактабай туруп коомго жарыя кылган коомдук ишмер, Адахан Мадумаров инибизге биз да өз сөзүбүздү айтууга туура келди. Анын “күч колдонуу”, “400 атайын даярдыктагы аскерлер”, “кармалгандарды токтоосуз түрдө бошотууну талап кыламын” деген коомдук пикири бир жактуу деп эсептейбиз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бардыгыбыз сыйлоого тийишпиз. Ошол себептүү милиция кызматкерлери жөнү жок каралоонуу токтотууну өтүнөбүз жана бардык маселе мыйзам чегинде чечилишин талап кылабыз. Милиция кызматкерлеринин өмүрүнө кол салгандар мыйзам чегинде өз жазаларын алууга тийиш” деп жазылган.

Айта кетели, саясатчы Адахан Мадумаров калкка күч колдонууну токтошу керек деген талап менен коомчулукка, бийлик өкүлдөрүнө атайын кайрылуу жасаган.

Мадумаров: “Мен ар кандай угуштарыма караганда 400гө жакын атайын даярдыктан өткөн аскерлер Терек-Сай айылына барып элди күч менен көндүрүүгө аракет кылып жаткандыгы бул жапайычылык. Бул маселе жалгыз Терек-Сайдын маселеси эмес. Бул маселе Кадамжайда, Тогуз-Тородо көтөрүлгөн. Бул маселе Кыргызстандын кайсы жеринде тоо-таштарды жарып жаткан болсо, касиеттүү кыргыз жерине зыян келтирип жаткан болсо, жерибизди, суубузду булгап, ата-бабаларыбыздын сөөгү жаткан жерди тебелеп баштаган болсо бардык жерде көтөрүлөт. Бул мыйзамдуу ар бил элдин, ар бир улуттун, ар бир мен кыргызмын деген жарандын ата-бабаларынын рухунун алдындагы милдети. Баса белгилеп айтам, күч колдонууну, коркутуун, милицияларды жиберүүнү токтотуңуздар. Кармалган жигиттерди, аялдарды токтоосуз түрдө кармаган жериңерден бошотууңарды талап кылам”,- деген өз кайрылуусунда.

5-ноябрда “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Терек-Сай айылынын “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кен иштетүүчү аймакта кызматын өтөө учурунда аларга карата күч колдонушкан 15 жергиликтүү тургун тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматына алынып келинген. Терек-Сай айылынын тургундары кармалгандарды бошотуу талабын коюп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!