Жогорку Кеңеште шек жараткан жаңы мыйзам добуш берүүгө жөнөтүлдү

Жогорку Кеңеште шек жараткан жаңы мыйзам добуш берүүгө жөнөтүлдү
5-Дек. 2018, Шаршемби, 15:32

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйында “Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиги жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатканда аталган мыйзам долбоору чет өлкөлүк донорлордун кызыкчылыгы үчүн гана жасалып жаткандай деп депутаттын шектенүүсү жаралды. Бирок, мыйзам долбоору 3-окууда талкууланып, добуш берүүгө жиберилди.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Аалы Карашев аталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жатканын айтып, бул мыйзам долбоору кабыл алынса коом эмнени сезээрин жана элге кандай пайдасы тиерине кызыгып, "адамдын репродуктивдүү укугун коргоодо эмне пайда болот?",- деп суроо салды.

Эл өкүлүнүн суроосу боюнча Саламаттыкты сатоо министрлигинин орун басары Мадамин Каратаев жооп берип жатып, ал бул жерде эки маселе бар экенин белгиледи.

"Мыйзам кабыл алынгандан кийин эң негизгиси бүгүнкү күндө баласыздык деген көп маселелер бар. Көбүнчө эркектерди жана аялдарды карап жатат. Бул жерде биз айтып жатабыз биринчиден репродуктивдүү функция экөөнө дагы тиешелүү деп жатабыз. Экинчиден бул жерде берене бар, Саламаттыкты сактоо министрлиги гана жооп бербей, комплекстүү коом менен бирге аткарышыбыз керек. Үчүнчүдөн ЭКО (экстракорпоральное оплодотворение) боюнча да кирген",- деди ал.

Министрдин жообуна канааттанбаган депутат Аалы Карашев сунушталып жаткан мыйзам долбоорун сынга алып, ал аталган министрлик укугун өкмөткө жүктөп, жоопкерчиликтен качуу деп баалады.

"Мен бул жерде эки гана нерсени көрүп жатам. Биринчиси министрликтин угун өкмөткө жүктөп жатасыңар, дагы эле коллективдүү жоопкерчилик болсун деп. Экинчиси, эл аралык келишимдер күчүнө кирет, ошол биздин улуттук мыйзамдын бир бөлүгү болуп калат деген. Башка жаңылык көрө алган жокмун. Ошондуктан менин айтарым, мына Юстиция министрлиги ушуларды алып келгенде ревизия инвентаризация деп эле жүздөгөн мыйзамдарды алып келип жатасыңар. Эмнеге десе эле? "Ченемдик укуктук акты жөнүндө" мыйзамга туура келбейт, өкмөт жөнүндөгү мыйзамга туура келбейт",- деп эле бир сөздү экинчи сөз менен эле алмаштырып алып келип жатасыңар. Мүмкүн ошол мыйзамдарды карап чыкпайсыңарбы? Мүмкүн Конститутциялык өкмөт жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизели. Балким "ченемдик укуктук актылар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизели. Ошондой майда чүйдө укуктарды өкмөткө эле жүктөй бербей, министрлик эле чечпейсиңерби жоопкерчиликти алып. Азыр өкмөткө силер бересиңер, өкмөт кайра силерге берип коет. Анын эмне кереги бар. Өзүбүзгө өзүбүз жумуш издеп жатабыз. Юстиция министрлиги ушуну карап бир сунуш берсеңер, биз карап берели бул жактан. Негизи элге пайдасы болгон мыйзамдарды алып келсеңер жакшы болот эле",- деди Карашев.

Ал эми дагы бир депутат Максат Сабиров да кесиптешинин оюна кошуларын айтып, ал аталган мыйзам долбоорундагы 7-беренени эмне себептен алып салып, 1-беренени эмнеден улам кошуп жатканына кызыкты.

Ошондой эле эл өкүлү ал жерде мыйзамдын турганы жакшы болоорун белгиледи.

"Азыр Саламаттыкты сактоо министрлигинин мыйзамдарын өкмөт карап, "мына муну карагыла, муну карабагыла",- деп айтабы? Эмне үчүн берененин мыйзамда турганы силер үчүн тоскоол кылып жатат? Менин оюмча чет өлкөлүк донорлорго карап эле ушуну жасап берип жаткандай көрүнүп жатат. Ушул кайсы мыйзамга ылайык келбей калып, мыйзамды алып чыгып жатасыңар?Конституциялык мыйзамда толук ыйгарымдуу укуктун баары аталган министрликте экен, а кайсы Конституциялык мыйзамда ошол укуктар министрликке берилбесин, өкмөт чечсин деп чыгарып жатат. Менин кесиптешим айткандай туура карап чыксаңар Юстиция министрлиги. Азыр өкмөткө жүктөп алып, анан эртең өкмөт бир нерсени кылбай калса Саламаттыкты сактоо министрлигин күнөөлөйсүңөр. Анткени, силер кылган жоксуңар, силер жасаган жоксуңар деп. Себеби, булар мыйзамдын аткарылыш боюнча жооп бермекда",- дейт Сабиров.

Ал эми Сабировдун айткандары боюнча Юстиция министринин орун басары Манас Сарымсаков сунушталып жаткан мыйзамдын 7-беренесиндеги функциялар ченемдик укук жаратуучу акты аркылуу ишке ашырларын айтууда.

Анын айтымында, ченемдик актылар жөнүндөгү мыйзамдын негизинде министрликтер орган болуп саналбайт. Ошондуктан бул жерден алынып, өкмөттүн ыйгарым укугуна берилет.

"Бул мыйзамдын 7-беренесинде көрсөтүлгөн маселелер өкмөт тарабынан бекитилип, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ишке ашырылат. Ал эми Конституциялык өкмөт жөнүндө мыйзамга ылайык, өкмөт өзүнүн функциясын бөлүштүрүүдө ар бир министрликке жүктөйт. Ошонун негизинде мыйзамды алып келип жатабыз. Бул инвентаризация максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору. Мыйзамдарды бир-бирине дал келтирүү үчүн. Бул мыйзамды Конституцияга, ченемдик укуктук актыларга жана өкмөт жөнүндөгү мыйзамга ылайык келтирүү болуп саналат. Анткени, өкмөт жөнүндөгү мыйзамдын 10-беренесинде өкмөт мыйзамдарды аткарууда максатында өзүнүн функцияларын ар бир министрликтердин арасында бөлүштүрөт. Функцияларды бөлүшүтүрүп, ар бир министрликтин жобосуна киргизет же тийиштүү токтомдордо көрсөтөт",- деди Сарымсаков.

Жыйында “Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиги жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда талкууланган соң добуш берүүгө жолдонду.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!