Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү кирди

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү кирди
5-Дек. 2018, Шаршемби, 16:11

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамдын максаты биологиялык таштандыларды жыйноонун, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу, айыл чарба жана үй жаныбарларынын өлүктөрүн көмүү үчүн бөлүп берилген жайларды (мал көмүлгүн жайлар, биотермикалык чуңкурлар жана крематорийлер) кармоонун эрежелерин бузуу, мал көмүлгөн жайлардын, биотермикалык чуңкурлардын жана крематорийлердин аймагына малды жаюу сыяктуу бузууларга административдик жоопкерчилик киргизүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Айта кетсек, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 13-сентябрда кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!