Бишкекте узундугу 7 чакырымдан ашык веложол салынып бүттү (фото)

Бишкекте узундугу 7 чакырымдан ашык веложол салынып бүттү (фото)
5-Дек. 2018, Шаршемби, 16:48

Бишкек шаарынын Түштүк магистралындагы веложол жана жөө адамдар үчүн жол салынып бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, веложол менен жөө адамдар үчүн жол Түштүк магистралынын эки жээгине Дооронбек Садырбаев (мурунку Бах) көчөсүнөн Байтик баатыр (мурунку Совет) көчөсүнө чейин созулат. Жолдун узундугу 7,2 чакырымды түзөт.

Ал жолдорду бойлой жарыктар, 200 отургуч, 400 челек жана эки аялдама орнотулган. Ошондой эле Ала-Арча суусунун үстүнөн эки көпүрө салынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!