Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов кармалды

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов кармалды
5-Дек. 2018, Шаршемби, 16:52

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов Баку шаарындагы аэропорттон кармалды. Бул маалыматты Финансы полициясынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур “Zaman Kyrgyzstan” маалымат агенттигине тастыктады.

Жунусов “2013-жылдан 2016-жылга чейин бажы кызматынын төрагасы кызмат ордун ээлеп турганда айрым бажы кызмат адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган. Мунун натыйжасында мамлекетке 166 миллион сомдон көп өлчөмдө бюджетке зыян келтирген” деп айыпталууда. Ага 2018-жылдын 28-августунда Финансы полициясы тарабынан издөө жарыяланган.

18-августта Жунусовго Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинде каралган кылмыштарды кылды деп сырттан айып тагылган жана 28-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!