Терек-Сай: 6 жаран 2 айга камакка алынды (видео)

Терек-Сай: 6 жаран 2 айга камакка алынды (видео)
5-Дек. 2018, Шаршемби, 17:08

5-ноябрда “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Терек-Сай айылынын “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кен иштетүүчү аймакта кызматын өтөө учурунда аларга күч колдонушкан деген негизде жергиликтүү 15 тургун Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматына алынып келинген.

(Алтын кен иштетүүчү аймакты көзөмөлдөөчү видео)

4-декабрь күнү Терек-сай айлынын 15 тургунуна карата Жалал-Абад шаардык соту тарабынан тергөө абагына 6 жаранга 2 айга, 9 жаранга 1 айга камакка алуу чечими чыкканын ИИМден билдиришти.
Учурда Чаткал районунда абал туруктуу жана жергиликтүү органдар менен
биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!