Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарына учуп кетти

Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарына учуп кетти
6-Дек. 2018, Бейшемби, 09:39

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына учуп кетти.

Президенттик аппараттан маалымдагандай, өлкө башчы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн учуп кетти. 7-декабрда Москва шаарына иш сапары менен барып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылышына катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!