Бүгүн, 6-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарына Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Президентти коштоп кеткен расмий делегациянын түзүмү:
-Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;
- Вице-премьер-министри Жеиш Разаков;
-Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев;
- Экономика министри Олег Панкратов;
- Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров;
- Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев;
- Өкмөттүн ЕАЭБдеги иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков.
Айта кетсек, 7-декабрда Мамлекет башчысы Москва шаарына иш сапары менен барып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылышына катышат.