ИИМ Министри Элчи Пьер фон Аркс менен жолукту

ИИМ Министри Элчи Пьер фон Аркс менен жолукту
6-Дек. 2018, Бейшемби, 18:52

6-декабрь күнү ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңесинин башчысы, Элчи Пьер фон Аркс менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бирдиктүү долбоорлор каралып, ошондой эле аларды 2019-жылы ишке ашыруулары боюнча пландарын талкуулашты.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңесинин башчысына министрлик менен кызматташып жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын айтып, бирдиктүү иштерди ийгиликтүү ишке ашарына ишенимин билдирди.

Жолугушууга уюмдун саясий маселелер боюнча улук кеңешчиси Юрий Фенопетов, аскердик-саясий маселелер боюнча бөлүмүн башчысынын
милдетин убактылуу аткаруучусу Бермет Кошматова, улук программалык
ассистенти Иброхимжон Ульмасов, ИИМдин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматтыштык башкармалыгынын башчысы Мирлан Карачалов да катышты

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!