Жайкы туристтик сезон 6-майда ачылат

19-Апр. 2017, Шаршемби

Жайкы туристтик сезон Ысык-Көлдө 6-7-майда салтанаттуу түрдө ачылып, эл аралык туристтик жармаңке өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Ысык-Көлдөгү курорттор ассоциациясынын президенти Лира Батырбекова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы ички жана сырткы туризмди өнүктүрүү максатында өткөрүлгөн эл аралык жармаңке Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда саат 10:00дө башталат.

“Бул иш-чара ушуну менен 2чи жолу өтүп жатат. Жылдан жылга бул иш-чарага катышууну каалагандардын саны өсүп жаткандыктан, чет өлкөдөн дагы коноктор келишмекчи. Алсак, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Корея жана Европа биримдигине кирген мамлекеттин өкүлдөрү катышмакчы. Жармаңке учурунда кайрымдуулук концерт өтөт. Ага белгилүү ырчылар өз өнөрүн тартууламакчы. Иш-чарадан чогулган акча Ысык-Көл облусундагы балдар үйлөрүнө жумшалат”,-деди ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!