​Салаттан уулангандардын саны 33гө жетти

19-Апр. 2017, Шаршемби

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Могол айылында тамак-ашка массалык уулангандардын саны 33гө жетти. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдиргендей, буга чейин 18-апрелде Базар-Коргон райондук ооруканага 22 жаран тамак-ашка ууланып ооруканага кайрылганы кабарланган. Бүгүн, 19-апрелде алардын саны 33 жеткен.

“Ууланган жарандар 15-апрелде кыз узатуу тоюна барышкан. Ал жерден сапатсыз оливье салатын жешкен. Кийин ооруканага кайрылып тийиштүү медициналык жардамдарды алышкан. Учурда кайрылган жарандардын экөөсүнүн абалы орто. Калгандарынын абалы канааттандырарлык. Учурда аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!