Жээнбеков:"Адам укуктарын коргоо-мамлекеттин милдети"

Жээнбеков:
10-Дек. 2018, Дүйшөмбү, 11:00

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-декабрда Кыргызстандын Конституциясынын 25 жылдыгына, Кыргыз парламентинин 80 жылдыгына жана Адам укугунун жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган конференцияга катышып жатат.

Президенттик аппараттан маалымдагандай, мамлекет башчысы бул конференция Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен өтүп жатканын айтып, баарын ушул үзөнгүлөш келген үч майрам менен куттуктады.

"Биз адам укуктарын сыйлаган жана аны коргогон өлкө экенибизди дагы бир жолу тастыктоо үчүн бүгүнкү конференцияга чогулдук. Бүгүн Баш мыйзамды да, парламентти да бир өңүттөн — адам укуктарын коргоо призмасы аркылуу караганыбыз — конференциянын жемиштүү болооруна өбөлгө түзөт",-дейт Жээнбеков.

"Адам укуктарынын жалпы декларациясы — дүйнөдөгү эң маанилүү жана эң белгилүү документ. Эки дүйнөлүк согушту баштан кечиргенден кийин, адамзат баалуулуктарын сактоого чакырган, жер жүзүндөгү бардык тилге которулган эл аралык акт. Болгону 30 гана беренеден турган концепталдуу документ. Бириккен Улуттар Уюмунун өзү уюшулганына 3 эле жыл болгон мезгилде жаралган тарыхый декларация.

Бул Декларация кийинки мезгилде жалпы адамзат тааныган документтерге, алардын ичинде жарандык, саясий, экономикалык жана социалдык укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттарга пайдубал катары кызмат кылды.

Декларацияда камтылган идеялар кыргыз коомунун менталитетине, дүйнө таанымына туура келет. Анда жазылган аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу, адамдардын улутуна, тилине, динине карабай бирдей укугун таануу, коомдогу достук мамилелерди чыңдоо чакырыктары — биздин ата-бабаларыбыз аздектеп келген баалуулуктар менен үндөш.

Ар бир инсандын ар-намысын сыйлоо, балдардын, аялдардын укугун коргоо — илгертен келе жаткан тарыхый мурасыбызды, улутубуздун рухий дөөлөттөрүн сактоо менен барабар.

Ошондуктан биз — Кыргызстандын эли, 1994-жылы, Орто Азия чөлкөмүндө биринчи болуп, Адам укуктарынын жалпы декларациясына кошулганбыз. Андан бери чейрек кылым убакыт өттү. Адам укуктарын коргоо — ошол бойдон биздин мамлекеттин негизги милдети катары сакталып келет",- деп кошумчалды Жээбеков.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ: Атаханов Батукаевди бошотууга Атамбаевдин тиешеси бар экенин көрсөткөн
ИИМ: Атаханов Батукаевди бошотууга Атамбаевдин тиешеси бар экенин көрсөткөн
Эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары жеңишке жетишти
Эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары жеңишке жетишти
Көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени ыйгарылды
Көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени ыйгарылды
Сууга агып кеткен үч жаштагы баланы издөө уланууда
Сууга агып кеткен үч жаштагы баланы издөө уланууда
UFC президенти: “Нурмагомедов – Фергюсон” таймашы болушу мүмкүн
UFC президенти: “Нурмагомедов – Фергюсон” таймашы болушу мүмкүн
Бишкек шаарында балдар көргөзмөсү өтөт
Бишкек шаарында балдар көргөзмөсү өтөт
Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленет
Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленет
​Керемет: Футболчу бутун тийгизбей гол киргизди (видео)
​Керемет: Футболчу бутун тийгизбей гол киргизди (видео)
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жентек той беришти
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жентек той беришти
Ишкерлерден акча талап кылган кызматкер пара менен кармалды (видео)
Ишкерлерден акча талап кылган кызматкер пара менен кармалды (видео)
Баткен областында эки жигит сууга чөгүп каза болду
Баткен областында эки жигит сууга чөгүп каза болду
“ПСЖ” президенти: Мындан ары футболчулардын жылдыз оорусуна чыдабайм
“ПСЖ” президенти: Мындан ары футболчулардын жылдыз оорусуна чыдабайм
УКМК: Икрам Илмияновго карата тергөө иши аяктады
УКМК: Икрам Илмияновго карата тергөө иши аяктады
​Сарри расмий түрдө “Ювентустун” башкы машыктыруучусу болду
​Сарри расмий түрдө “Ювентустун” башкы машыктыруучусу болду
Өкмөт: жакыр жашаган үй-бүлөгө 100 миң сом берилет
Өкмөт: жакыр жашаган үй-бүлөгө 100 миң сом берилет
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды