Бишкекте жоогазындар гүл ачты

19-Апр. 2017, Шаршемби

“Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы Бишкектеги клумбаларга ушул жылы 130 миңге жакын жоогазындарды отургузушкан. Азыркы убакта жоогазындар гүлүн ачып шаардын тургундары жана коноктору кубануу менен кабыл алышууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрү жалпы аянты 3,5 гектар жана андан көп аянтка роза жана жоогазын гүлдөрү түркүн-түстүү өңдө гүл ачмакчы. Клумбаларга дагы ар кандай түрдөгү түстүү гүлдөр эгилген.

Гүлдөр негизинен Курманжан датканын эстелигинин айланасына, Пушкин көчөсүнө, Опера жана балет театрынын, филармониянын жанына гүлдүн 20дан ашуун түрү тигилген.

Мэрия шаар тургундарына жана конокторуна гүлдөргө аяр мамиле жасоону, “Жашылдандыруу” ишкананын кызматкерлеринин эмгегин баалоого чакырат.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!