Милицияны унаа менен сүзгөн айдоочу кармалды

19-Апр. 2017, Шаршемби

Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерин унаасы менен сүзүп, качыра айдаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ 18-апрелде Бишкек шаарынын Манас проспектиси менен Максим Горький көчөсүнүн кесилишинен алыс эмес жерде жайгашкан Мамлекеттик каттоо кызматынын имаратынын алдында жол коопсуздугу боюнча кызматтык милдетин аткарып турган ПМБнын кызматкери А.Мукашов “Мазда-6” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 39 жаштагы Н.И.ни жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотуп административдик протокол толтурган учурда баш ийбестен, сөгүнүп, документтерин алып кетүү аракетин көргөн. Мукашов унаанын алдына чыгып жакын жерде турган кызматкерлерди радиостанциясы аркылуу чакырып жаткан учурда айдоочу Н.И. сүзүп качырып айдаган. Жыйынтыгында А.Мукашов жолго жыгылып, бутунун ооругандыгынан кайра тура албай калган.

"Радиостанция аркылуу чакырыкка жетип келген ПМБнын кызматкери К.Сооронбаев айдоочуну кетирбей кармап калган”,- деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге тез жардам чакыртылып кенже тескөөчү А.Мукашов Бишкек шаарынын №4 ооруканасынын нейротравматалогия бөлүмүнө бутунан жаракат алып жаткырылган.

Бул факты боюнча азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!