Кенемте алуу үчүн документ даярдалып жатат

Кенемте алуу үчүн документ даярдалып жатат
20-Апр. 2017, Бейшемби

16-январдагы учак кырсыгында каза болгондордун жана жабыркагандардын жакын туугандары учурда Түркиянын «ACT Airlines» компаниясына таандык болгон учак кырсыкка учурагандыктан компенсация жана материалдык жардам алуу үчүн документтерин даярдашууда.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындары менен мамлекеттик нотариус иш алып барып, кенемтелердин деталдарын тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Анын алкагында каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарынын ар бири менен түрк авиакомпаниясынан алынуучу компенсация жана материалдык жардамга тийиштүү бардык суроолор такталууда.

Мындан сырткары, жакынкы аралыкта жабыр тарткандар үчүн жардам катары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине келген акча-каражаттарды бөлүштүрүү өнөктүгү башталат.

Атайын эсептеги акча-каражатын бөлүштүрүү процесси курман болгон жана жабыркаган жарандардын кээ бир туугандарынын ортосунда акча-каражатын бөлүштүрүү принцибинде түшүнбөстүктөр жаралган үчүн кечеңдеп жатат.

Учурда атайын эсепте 100 млн. 499 миң 300 сом бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!