Тергөөчү 400 доллар пара менен кармалды

20-Апр. 2017, Бейшемби

Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү 400 доллар пара менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады

Маалыматка ылайык, февраль айында Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматкери А.Т. алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгош үчүн арыз ээси И.К.дан 500 доллар талап кылган. Бирок, азыркы күнгө чейин кылмыш иши козголгон эмес. Арыздануучу акчасын кайтарып алуу жолдорун издештирген.

“18-апрелде ИИМдин өздүк коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин ыкчам иш-аракетинин натыйжасында Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинен А.Т. аттуу Биринчи Май районунун тергөөчүсүнөн мурда берилген 400 долларды кайтарып алып жаткан жеринен кармалды”, -деп айтылат билдирүүдө.

Бул фактынын негизинде тергөө башкы башкармалыгы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!