Ош мэриясы көп кабаттуу үйлөрдү курат

20-Апр. 2017, Бейшемби

Ош шаары өз алдынча турак жай куруу маселесин ишке ашыруу максатында “Жаңы доор” аталышындагы долбоорду баштады.

Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин директору Кутманалы Абдырахман уулунун айтымында, Кыргызстанда биринчи жолу Ош шаары өз алдынча турак жай курууну ишке ашырмакчы.

“Шаар мэринин аппараттык кеңешинде бул долбоор боюнча атайын иш пландар бекитилген. Иш планга ылайык ипотекалык негизде берилүүчү көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери ушул жылдын июль айларында башталат. Учурда курулуш иштеринин долбоорлук сметалык документтери толугу менен даярдалууда. Бул долбоор үчүн Ош шаарынын Раимбеков көчөсү менен Кара-Суу көчөсүнүн кесилишинде 88 сотых атайын жер үлүшү даярдалган. Турак жай 9 кабаттан, 130 батирден кем эмес болуп, шаардык муниципалдык менчикке бекитилип берилген 361 батирдин, алгачкы төлөмдөрүнөн түшкөн акча каражаттарынын эсебинен курулат”,-деди К.Абдырахман уулу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!