Көмүрдүн акчасын бербей качып кетишкен

20-Апр. 2017, Бейшемби

Бишкекте "Шарбон" жабык акционердик коомун (ЖАК) алдап кеткен эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-март күнү Жумгал райондук ички иштер башкармалыгына "Шарбон" жабык акционердик коомунун ишенимдүү өкүлү 26 жаштагы Ю.А. арыз менен кайрылган. Себеби, 18-январь күнү Бишкектин 31 жаштагы К.Р. аттуу тургуну Жумгал районунда жайгашкан "Шарбон" ЖАКнан таразачы-бухгалтери болуп иштеген Б.В. жана К.К. аттуу айымдардын ишеничтерине кирип, алдоо жолу менен 38 284 сомду түзгөн, салмагы 34 тонна көмүрдү Балыкчы шаарындагы "Шарбон" ЖАКна тиешелүү көмүр сактоочу жайына 3 күндүн ичинде жеткирип түшүрүп беремин деп, “Камаз” үлгүсүндөгү унаага жүктөп кеткен. Ал ошол бойдон дайыны жок, белгисиз тарапка качып кеткенин билдирген.

“Жогорудагы факт боюнча ИИМдин кызматкерлери жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, Жумгал районунун Чаек айылынын 46 жаштагы А.Н. аттуу тургуну жана К.Р. аттуу адамдар Бишкек шаарынан кармалышкан”, - деп белгилешет басма сөз кызматынан.

Кармалган жарандар Жумгал РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!