Акыйкатчы аймактарды кыдырат

20-Апр. 2017, Бейшемби

Акыйкатчы Кубат Оторбаев 5-май - Конституция күнүнө карата аймактардагы эл менен жолугушат.

Акыйкатчы институнун маалымат кызматы билдиргендей, Ош, Жалал Абад жана Баткен облустарында жашаган тургундар Оторбаев менен жолугушуп, адам укуктары бузулган фактылар тууралуу кабарлап, көйгөйлүү маселелерин айтса болот.

Мындан тышкары, алыскы аймактардагы социалдык маселелерге мониторинг жүргүзүлүп, балдар үйлөрү, чек ара аймактары, аскерлер кызмат өтөгөн мекемелер, карылар үйлөрүнөн баштап, убактылуу кармоочу жайлардагы абал менен жеринен таанышуу болмокчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!