Унаа жолдун жээгин суу 20 метрге чейин жеп кетти

20-Апр. 2017, Бейшемби

Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагында жолдун 20 метр жээгин суу жеп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Нариман айыл аймагында 18-19-апрель күндөрү катуу жааган жаандын кесепетинен Машрапсай сайындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сол жээгинде жайгашкан Осмон айылындагы ички чарбалык жолдун жээгин болжол менен 20 метр аралыгын жеп кеткен.

“Суунун нугун бурууга 1 экскаватор тартылган. Бирок суу нормадан жогору болгондуктан техника иштей алган эмес. Ал эми бүгүн, 20-апрелде жеп кеткен участкага таш төгүү иш-чаралары жүргүзүлмөкчү”,- деп айтылат аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалыматтында.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!