"​ЖМК жөнүндө” мыйзам кабыл алынды

21-Апр. 2017, Жума

20-апрелде Жогорку Кеңеште “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору колдоого ээ болду.

Мыйзам долбоорунун негизги мазмуну жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарындагы чет элдик юридикалык тараптардын үлүшүн 35 пайызга чейин чектөө. Буга чейин “чет элден каржыланган медиага сырттан келген акча жалпы каржынын 20 пайызынан ашпоосу керек” деген чектөө киргизилген. Кийинчерээк мындай чектөө алып салынып, медиа уюмдун “чет элдиктерге таандык үлүшү 35 пайыздан ашпашы керек” деген бөлүк калтырылган.

Мыйзамда жалпыга маалымдоо каражатын негиздөөгө мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук тараптар, Кыргызстандын жарандары гана укуктуу экени жазылган.

Ошондой эле аталган мыйзамга ылайык ЖМКны каржылоо максатында белгисиз булактар тарабынан акчалай жана башка каражаттар менен колдоо көрсөтүүсүнө уруксат берилбейт.

Аталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Долбоор буга чейин 15-мартта экинчи окуудан өткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!