Мал уурдаган жаран кармалды

21-Апр. 2017, Жума

Мал уурлук менен шугулданып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү Кочкор РИИБне аталган райондун Комсомол айылынын 51 жаштагы жашоочусу Т.Т. арыз менен кайрылган. Себеби, 19-апрелден 20-апрелге караган түнү короосунан 2 баш майда жандыгын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Ошол эле күнү Кочкор районунун Кара-Мойнок айылынын 42 жаштагы жашоочусу А.Н. арыз менен кайрылган. Ал да арызында 20-апрелге караган түнү короосунан 1 коюн белгисиз адамдар уурдап бара жатканда, байланган жибине муунуп өлүп калган койду жерине таштап качып кеткенин билдирген.


Бул жогорудагы фактылар боюнча Кочкор РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү делип, аталган райондун Кызыл-Дөбө айылынын 32 жаштагы Б.Н. аттуу тургуну кармалган. Кармалган жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!