Жээнбеков Улуттук банктын төрагасын кабыл алды

Жээнбеков Улуттук банктын төрагасын кабыл алды
10-Янв. 2019, Бейшемби, 16:38

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, жолугушууда валюта рыногундагы учурдагы жагдай, акча-кредиттик саясат, банк секторундагы азыркы абал, ошондой эле улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Абдыгуловдун маалыматына ылайык, 2018-жылдын башынан тартып, 2019-жылдын 8-январына карата АКШ долларынын курсу 1,5%, же болбосо 68,8395 сомдон 69,84 сомго чейин өстү. Мындай өзгөрүүнүн залалдарын жумшартуу максатында Улуттук банк 2018-жылдын ичинде 168,25 млн АКШ долларын сатуу боюнча тогуз ирет интервенцияны ишке ашырган жана 20,55 млн АКШ долларын сатып алуу боюнча эки ирет интервенция жасаган.

Мамлекет башчысы сомдун натыйжалуу курсун сактоо, импорт-экспорт операциялары, төлөм балансы сыяктуу маселелерди чечүү максатында тез арада тийиштүү мамлекеттик органдар менен бирге кылдат талдап чыгып, сунуш берүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, банк системасынын туруктуулугунун маанисин белгилеп, мүмкүн болгон тышкы коркунучтарды максималдуу төмөндөтүү үчүн Улуттук банк эл аралык финансылык рыноктордогу абалга байкоо жүргүзүүсү зарыл экенин белгиледи.

Жээнбеков өлкөнүн аймактарында банкоматтардын, ПОС-терминалдардын санын көбөйтүүнү жана ошондой эле 2019-жылы — Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тийиштүү чараларды ишке ашыруу боюнча тапшырмаларды берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ: Атаханов Батукаевди бошотууга Атамбаевдин тиешеси бар экенин көрсөткөн
ИИМ: Атаханов Батукаевди бошотууга Атамбаевдин тиешеси бар экенин көрсөткөн
Эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары жеңишке жетишти
Эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары жеңишке жетишти
Көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени ыйгарылды
Көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени ыйгарылды
Сууга агып кеткен үч жаштагы баланы издөө уланууда
Сууга агып кеткен үч жаштагы баланы издөө уланууда
UFC президенти: “Нурмагомедов – Фергюсон” таймашы болушу мүмкүн
UFC президенти: “Нурмагомедов – Фергюсон” таймашы болушу мүмкүн
Бишкек шаарында балдар көргөзмөсү өтөт
Бишкек шаарында балдар көргөзмөсү өтөт
Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленет
Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленет
​Керемет: Футболчу бутун тийгизбей гол киргизди (видео)
​Керемет: Футболчу бутун тийгизбей гол киргизди (видео)
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жентек той беришти
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жентек той беришти
Ишкерлерден акча талап кылган кызматкер пара менен кармалды (видео)
Ишкерлерден акча талап кылган кызматкер пара менен кармалды (видео)
Баткен областында эки жигит сууга чөгүп каза болду
Баткен областында эки жигит сууга чөгүп каза болду
“ПСЖ” президенти: Мындан ары футболчулардын жылдыз оорусуна чыдабайм
“ПСЖ” президенти: Мындан ары футболчулардын жылдыз оорусуна чыдабайм
УКМК: Икрам Илмияновго карата тергөө иши аяктады
УКМК: Икрам Илмияновго карата тергөө иши аяктады
​Сарри расмий түрдө “Ювентустун” башкы машыктыруучусу болду
​Сарри расмий түрдө “Ювентустун” башкы машыктыруучусу болду
Өкмөт: жакыр жашаган үй-бүлөгө 100 миң сом берилет
Өкмөт: жакыр жашаган үй-бүлөгө 100 миң сом берилет
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды