Республика боюча 650 калктуу конуш таза суу менен камсыз болот

Республика боюча 650 калктуу конуш таза суу менен камсыз болот
10-Янв. 2019, Бейшемби, 17:51

Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 650 калктуу конуш таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 9-январда Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдиргенин президенттик аппараттан маалымдашты.

«Бул долбоорлорду каржылоого ЕБРР, Дүйнөлүк Банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылоо күтүлүүдө. Ошондой эле Кытай Эл Республикасы жана Араб өлкөлөрү тарабынан да калкты таза суу менен камсыз кылуу долбоорлорун каржылоого кызыгуу бар. Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот, бул менин президенттикке талапкер катары айткан убадаларымдын бири», — деп эске салды Жээнбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР