ИИМ: шайлоо материалдары боюнча алдын ала тергөө жыйынтыкталды

ИИМ: шайлоо материалдары боюнча алдын ала тергөө жыйынтыкталды
11-Янв. 2019, Жума, 10:16

2018-жылдын 27-ноябрында адвокат Нурбек Токтакуновдун “Фейсбук” баракчасына Президенттик шайлоо боюнча билдирүүсү жарык көргөн эле. Билдирүү боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн алдын ала тергөө иши жыйынтыкталганын ИИМдин басма сөз кызматы zaman.kg маалымат агенттигине кабарлады.

Алдын ала тергөө ишинин жүрүшүндө Президентикке талапкердин борбордук шайлоо штабынын жетекчилери, республиканын шаардык, облустук жана райондук шайлоо штабдарынын башчылары жана кызматкерлери суралган.

Каржы маселелери боюнча ыйгарымдуу өкүлү Сатыгул кызы Надира эмгек өргүүсүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткен. Кайтып келгенде ИИМдин Тергөө кызматына түшүнүк берүү үчүн чакырылып, андан соң корутунду чечими кабыл алынары айтылат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун басма-сөз катчысы Толгонай Стамалиева документтеги маалыматты эч кандай мөөрү жок "фейк" деп атаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!