Мектеп жана бала бакчаларда электрондук жазуу киргизилүүдө

Мектеп жана бала бакчаларда электрондук жазуу киргизилүүдө
11-Янв. 2019, Жума, 10:18

Бишкек шаарынын мектеп жана бала бакчаларында электрондук жазуу киргизилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ленин райондук администрациясында аким Нурдин Тынаевдин төрагалыгы алдында электрондук жазууну билим берүү мекемелерине киргизүү боюнча жыйын өткөн.

"Долбоор Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте пилоттук долбоор катары Ленин районунун мектептеринде киргизиле баштаган",- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!