Айып пулду өздөрүнө ыйгарып алган милицияларга иш козголду

Айып пулду өздөрүнө ыйгарып алган милицияларга иш козголду
11-Янв. 2019, Жума, 11:03

Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын жана Бишкектин Биринчи май райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка краганда, тергөө учурунда такталгандай алар паспорт-виза эрежелерин бузган чет элдик жарандардан айып пул катары өндүрүлгөн 731 500 сом өлчөмүндөгү акчаны өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Тиешелүү кызматкерлер жеке менчик фирма менен сүйлөшүп алып, жасалма документтердин негизинде эсепти жаап жүрүшкөн.

"Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы" жана "Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу" беренелеринин негизинде иш козголду. Материалдар тергөө органдарына жөнөтүлдү",- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР