Кыргызстанда сейрек кездешүүчү жаныбалардын саны көбөйүүдө (фото)

Кыргызстанда сейрек кездешүүчү жаныбалардын саны көбөйүүдө (фото)
11-Янв. 2019, Жума, 11:53

Кыргызстандын аймагында жапайы жаныбалар жана кызыл китепке кирген канаттуулардын саны көбөйүүдө.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен маалымдагандай, муну “Нарын” мамлекеттик жаратылыш паркына жана “Чоң-Кемин” мамлекеттик коругуна коюлган фото капкандардын жыйынтыгы дагы бир ирет далилдеп турат.

Фото капканга түшкөн сүрөттөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй бул өзгөчө корголуучу аймакта дээрлик баардык жапайы жаныбарлардын, канаттуулардын байыр алгандыгы көрүнүп турат.

Жакында “Нарын” мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери парктын аймагына дагы 16 фото капкан орнотушту.

“Нарын” мамлекеттик жаратылыш паркынын жалпы аянты 105 миң 519 гектарды түзөт. Анын 36 миң. 860,7 гектарын корук, 809 гектарын бугу-марал питомниги, 27 миң 860,7 гектарын буфердик аймак жана 40 миң 689,9 көзөмөлдөөчү аймак түзөт.

Корукта сүт эмүүчү жапайы жаныбарлардын 26, канаттуулардын 104, балыктардын 5 жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн 4 түрлөрүнүн кездешээри аныкталган. Ошондой эле мында Кыргызстандын Кызыл китебине кирген жапайы жаныбарлардан ак илбирс, сүлөөсүн, мадыл, тян-шань бугусун, күрөң аюу, суусар, бугу-марал жана аркар-кулжаларды жана өсүмдүктөрдүн 600 дөн ашуун түрлөрүн кездештирүүгө болот.

“Чон-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркынын жалпы аянты 123 миң 654 гектарды түзөт. Мында сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын 45тен ашуун, канаттуулардын 122 ден ашуун түрлөрү байырлаган. Ал эми келгин куштардын саны 100 дөн ашуунду түзөт. Мындан Кыргызстандын Кызыл китебине кирген бугу, аюу, суусар, орок тумшук чулдук, Грейна, (тюльпан Грейга), Колпаковский (тюльпан Колпаковский), Зинаид (тюльпан Зинаиды) мандалактарын, Семенов пиязын (лук Семенова), Чыраш (эремурс Зои) ж.б. ошондой эле даарылык касиетке ээ бир катар чай чөптөрдүн түрлөрүн кездештирүүгө болот.

"Агенттик тарабынан биотүрдүүлүктү, экосистеманы коргоо, жапайы жаныбарлардын, анын ичинде Ак илбирстин санын көбөйтүү багытталган активдүү иш-чаралар өз жемишин бере баштады.

Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери дайыма жергиликтүү жашоочуларга айлана чөйрөнү коргоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүп, сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын санынын көбөйүшүнө же болбосо азайуусуна байкоо жүргүзүшүп турушат",- деп айтылат маалыматта.

Белгилеп кетүүчү жагдай, жыл сайын Кыргызстанга 350 ашуун келип кетүүчү сейрек кездешүүчү жапайы канаттуулардын түрлөрү келишет.

Азыркы учурда Кыргызстандын аймагында 400 дөн ашуун сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын жана канаттулардын түрлөрү кездешет. Алардын 57 түрү Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!