Каракчылар үй ээсин атып кетти

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Жалал-Абадда үй ээсин атып кеткендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 18-мартына караган түнү саат 04:00дөр чамасында, 52 жаштагы М.Э.ни үйүндө уктап жаткан жеринен азият улутундагы 25-30 жаштардагы эки атуул беткап кийип үйүнө кирип, "акча алып чык" деп талап кылышкан. Үй ээси "менде акча жок" деп билдиргенде колундагы таяк менен М. Э.нин ийинине жана чыканагына урушуп, оӊ бутуна эки жолу, сол бутуна эки жолу жана чыканагына бир жолу белгисиз ок атуучу курал менен атып, окуя болгон жерден качып кетишкен. Натыйжада жабырлануучу алган жаракатынан улам Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынын сынык-жараат бөлүмүнө жаткырылган.

Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “каракчылык” боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган.

“Жалал-Абад ОИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнү кызматкерлери тарабынан 23-апрель күнү кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 22 жаштагы А.А. жана 27 жаштагы Р.К. аттуу тургундары өзүнүн атына катталган трамватикалык ок атуучу куралы менен кармалган. Алар учурда убактылуу кармоо жайына киргизилди”,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!