Санариптештирүү жылы жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Санариптештирүү жылы жөнүндө жарлыкка кол коюлду
11-Янв. 2019, Жума, 15:10

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн бардык аймагында жаңы технологияларды колдонуп региондорду, жалпысынан алганда өлкөнү өнүктүрүүгө жана коомубуздун санариптештирүүдөн пайда табуусуна жаңы дем берүү керек.

Өз ишинде санариптик технологияларды кеңири колдонгон мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун заманбап институттарын түзүү зарыл.

Сот жана укук коргоо органдарынын ишине санариптик инфраструктура биринчи кезекте киргизилүүгө тийиш.

Экономиканы туруктуу өстүрүүгө түрткү берген бардык ресурстарды жана жеке сектордун демилгелерин бириктирүү маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Адамдык капиталга инвестиция тартууга дем берүү, илимий-изилдөө ишин жана бизнестеги инновацияларды колдоо механизмдерин киргизүү керек.

"Өлкөнү өнүктүрүүнүн санариптик негиздерин илгерилетүү
2019-жылы башкы багыт болуп калат. Биринчи кезекте өлкөнүн бардык аймагында кеңири тилкелүү интернетти камсыз кылуу керек, анын жыйынтыгында өлкө маалыматтарды берүүчү глобалдык тармактарга жана магистралдарга кыйла натыйжалуу, ишенимдүү жана арзан кошулат.

Маалыматтарды жыйноонун, иштеп чыгуунун, сактоонун жана талдоонун корголгон инфраструктурасын түзүүгө абдан көңүл буруу зарыл.

Өлкөнүн энергетикалык потенциалын колдонуп жана эл аралык стандарттар боюнча тиешелүү коопсуздукту камсыз кылып дата-борборлорду куруу зарыл.

Заманбап санариптик инфраструктура мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке сектордун жана жарандардын ортосундагы өз ара аракеттенүү үчүн жаңы платформаларды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Санариптик технологияларды өздөштүрүү жана жайылтуу максатында мамлекет технологиялык трансфердин региондук борборун калыптандыруу үчүн бардык шарттарды түзүүгө тийиш",- деп айтылат маалыматта

Айта кетсек, 2018-жылы региондорду өнүктүрүү өлкөнү орто мөөнөттөгү келечекте өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыгы болуп аныкталган. Өзгөчө көңүл региондордо бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерине бурулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө билдирүү тараткан жаран аныкталды
Массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө билдирүү тараткан жаран аныкталды
Роналду зордуктоо менен айыптаган кызга пара бергендигин айтты
Роналду зордуктоо менен айыптаган кызга пара бергендигин айтты
Бишкекте таштандыларды жыйноо боюнча акция өтөт
Бишкекте таштандыларды жыйноо боюнча акция өтөт
Өмүрбек Бабановго айып салынды
Өмүрбек Бабановго айып салынды
​Хабиб Нурмагомедовдун UFC келишими аяктайт
​Хабиб Нурмагомедовдун UFC келишими аяктайт
Баланын акыл-эсин өстүрүүчү азыктар
Баланын акыл-эсин өстүрүүчү азыктар
Кепилдик фондунун каражаттарынын 78% аймактык долбоорлорго багышталды
Кепилдик фондунун каражаттарынын 78% аймактык долбоорлорго багышталды
Эртең Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт
Эртең Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт
Кыргыз-казак төкмөлөрү күч сынашат
Кыргыз-казак төкмөлөрү күч сынашат
Бүгүн Жогорку сотто Текебаев менен Чотоновдун иши каралат
Бүгүн Жогорку сотто Текебаев менен Чотоновдун иши каралат
Бишкек - Дели - Бишкек авиакаттамы ишке кирди
Бишкек - Дели - Бишкек авиакаттамы ишке кирди
Бийликтен четтеген президент ханзаададан  акча алганын моюнуна алды
Бийликтен четтеген президент ханзаададан акча алганын моюнуна алды
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 7 айда 4,5 млрд сомдук 369 долбоорду каржылады
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 7 айда 4,5 млрд сомдук 369 долбоорду каржылады
“Көчмөндөр модасы – 2019” шоу-фестивалы башталды
“Көчмөндөр модасы – 2019” шоу-фестивалы башталды
Трамп көк тиреген имараттарды салбай турган болду
Трамп көк тиреген имараттарды салбай турган болду
Балага кантип туура багыт берүү керек?
Балага кантип туура багыт берүү керек?