Жеңесинин колунан таяк жеген наристе каза болдубу? (фото)

Жеңесинин колунан таяк жеген наристе каза болдубу? (фото)
11-Янв. 2019, Жума, 15:56

Ош шаарында ур- токмокко кабылган наристе каза тапты. Ош ШИИБнын басма сөз кызматы маалымдагандай, балдар ооруканасына 10-январь күнү, болжол менен саат 15.00 чамасында Ош шаарынын тургуну үч жаштагы наристе «калтырап жатат» дешип, баланын атасынын агасы тарабынан жеткирилген. Врачтар баланы кароо учурунда бала ооруканага чейин эле каза болуп калгандыгын гана айтышкан.

Баланын ѳлүмү тууралуу ак халатчандар ички иштер башкармалыгына кабар билдиришкен. Бул ѳлүмгѳ сырттан таасир эткен болушу мүмкүндүгүн байкашкан милиция кызматкерлери окуя болгон жерде кароо жүргүзүлүп, жабырлануучунун ѳлүмүнүн жана жаратынын оордугун аныктоо максатында соттук медициналык экспертиза дайындалган.
Соттук медициналык эксперттин катышуусунда наристенин жансыз денесин сырттан кароо учурунда анын бети-башында, колдорунда жана сандарында кѳгѳргѳн жарааттары, сол колунун билегинде ачык жараты бар экендиги аныкталган.

Кечээ күнү бул кылмышка шектүү катары маркум наристенин атасынын бир тууган агасынын аялы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ал ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ наристенин шымына сийип алгандыгы үчүн анча-мынча чымчып, буттарына уруп жүргѳндүгүн билдирген. Анын айткандарын күйѳѳсү дагы тастыктап, аялы тарбиялоо үчүн кээде кол кѳтѳрүп коюп жаткандыгын айткан.
Учурда, бул факты боюнча “Этиятсыздыктан киши ѳлтүрүүгѳ алып келген ден соолукка оор залал келтирүү” менен кылмыш иши козголду.
Маркум наристенин атасы менен апасы ажырашып кетип, балдар атасынын колунда калган. Атасы Россияга иштегени кетип, балдарын ѳткѳн жылдын 30-декабрында агасынын үйүнѳ карап туруу үчүн тапшырып кеткен экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кыйноого каршы улуттук борборго арыздангандардын саны көбөйдү
Кыйноого каршы улуттук борборго арыздангандардын саны көбөйдү
​Хабиб UFC турнири Москвада болоорун айтты
​Хабиб UFC турнири Москвада болоорун айтты
​Ак-Буура дарыясына унаа менен түшүп кетип үч адам көз жумду
​Ак-Буура дарыясына унаа менен түшүп кетип үч адам көз жумду
​UFC тарыхындагы экинчи эң ыкчам нокаут катталды
​UFC тарыхындагы экинчи эң ыкчам нокаут катталды
Кыргызстанда балык чарбалары өнүгүп жатат
Кыргызстанда балык чарбалары өнүгүп жатат
Кадамжай каналынан 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Кадамжай каналынан 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Роналду бир жумалык эс алууга канча төлөдү?
Роналду бир жумалык эс алууга канча төлөдү?
​Балдарын сабаган жигитке аялы арыз жазган жок
​Балдарын сабаган жигитке аялы арыз жазган жок
​Аргентина курамасы Мессини эс ал дешти
​Аргентина курамасы Мессини эс ал дешти
Самара Каримова жалпы айымдарга эмне белек кылды?
Самара Каримова жалпы айымдарга эмне белек кылды?
Анжелика Кайратова: Шарм-эш-Шейхтин жашоочуларындай болууну чечтим
Анжелика Кайратова: Шарм-эш-Шейхтин жашоочуларындай болууну чечтим
Шайыр Касмалиева: Мен актрисамын, өмүргө эркеледим
Шайыр Касмалиева: Мен актрисамын, өмүргө эркеледим
Айтбүбү апа: Балам, картайдым. Апаң сени күтүп жатат (видео)
Айтбүбү апа: Балам, картайдым. Апаң сени күтүп жатат (видео)
Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт
Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт
 Атай Өмүрзаковдун тобу Кытайдагы шоуда финалга чыкты (видео)
Атай Өмүрзаковдун тобу Кытайдагы шоуда финалга чыкты (видео)
​Жоголуп кеткен 4 жаштагы бала табылды (видео)
​Жоголуп кеткен 4 жаштагы бала табылды (видео)