Досалы Эсеналиев белгилүү футболчу Ахметов менен жолугушту

Досалы Эсеналиев белгилүү футболчу Ахметов менен жолугушту
11-Янв. 2019, Жума, 16:40

Президенттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев Кыргызстанда сезон ортосунда эс алууда жүргөн белгилүү футболчу Ильзат Ахметов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда президенттик аппараттан кабарлашты.

«Биз сиздин атактуу „ЦСКА“ командасындагы ийгиликтүү дебютуңуз жана Россиянын курамасына чакырылышыңыз менен сыймыктанабыз. Ошондой эле биздин мекендешибиз мындан ары да спортто чоң жеңиштерге жетет деген үмүттөбүз жана сизге ишенебиз. Ийгиликтерди каалайм!» — деп белгиледи Эсеналиев.

Ильзат Ахметов жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал кайда болбосун ар дайым өз Мекенин — Кыргызстанды сагынаарын жана өз өлкөсү менен сыймыктанарын баса белгиледи. Ахметов жаңы жылдык эс алуу күндөрүн Бишкекте ата-энеси менен бирге өткөргөнүн кошумчалады.

Эске сала кетсек, Ильзат Ахметов Кыргызстанда төрөлгөн. «Алга» командасынын тарбиялануучусу болгон. Андан соң россиялык «Рубин» футбол командасында ойноду. 2018-жылдын июль айынан тартып москвалык «ЦСКА» менен келишим түзүп, Россиянын футбол боюнча курамасына чакырылган.

Ошондой эле Ильзат Ахметов Россиянын улуттук «Биринчи бештик» сыйлыгынын лауреаты жана УЕФАнын рейтинги боюнча келечеги кең 50 оюнчулардын тобуна кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Хабиб UFC турнири Москвада болоорун айтты
​Хабиб UFC турнири Москвада болоорун айтты
​Ак-Буура дарыясына унаа менен түшүп кетип үч адам көз жумду
​Ак-Буура дарыясына унаа менен түшүп кетип үч адам көз жумду
​UFC тарыхындагы экинчи эң ыкчам нокаут катталды
​UFC тарыхындагы экинчи эң ыкчам нокаут катталды
Кыргызстанда балык чарбалары өнүгүп жатат
Кыргызстанда балык чарбалары өнүгүп жатат
Кадамжай каналынан 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Кадамжай каналынан 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Роналду бир жумалык эс алууга канча төлөдү?
Роналду бир жумалык эс алууга канча төлөдү?
​Балдарын сабаган жигитке аялы арыз жазган жок
​Балдарын сабаган жигитке аялы арыз жазган жок
​Аргентина курамасы Мессини эс ал дешти
​Аргентина курамасы Мессини эс ал дешти
Самара Каримова жалпы айымдарга эмне белек кылды?
Самара Каримова жалпы айымдарга эмне белек кылды?
Анжелика Кайратова: Шарм-эш-Шейхтин жашоочуларындай болууну чечтим
Анжелика Кайратова: Шарм-эш-Шейхтин жашоочуларындай болууну чечтим
Шайыр Касмалиева: Мен актрисамын, өмүргө эркеледим
Шайыр Касмалиева: Мен актрисамын, өмүргө эркеледим
Айтбүбү апа: Балам, картайдым. Апаң сени күтүп жатат (видео)
Айтбүбү апа: Балам, картайдым. Апаң сени күтүп жатат (видео)
Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт
Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт
 Атай Өмүрзаковдун тобу Кытайдагы шоуда финалга чыкты (видео)
Атай Өмүрзаковдун тобу Кытайдагы шоуда финалга чыкты (видео)
​Жоголуп кеткен 4 жаштагы бала табылды (видео)
​Жоголуп кеткен 4 жаштагы бала табылды (видео)
​Футбол клубдары жаңы Роналдуну талашууда
​Футбол клубдары жаңы Роналдуну талашууда