Жээнбеков ШКУда каралчу маселелерди жогорку деңгээлде даярдоону тапшырды

Жээнбеков ШКУда каралчу маселелерди жогорку деңгээлде даярдоону тапшырды
11-Янв. 2019, Жума, 17:33

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда 2019-жылдын июнь айында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Кеңешин уюштуруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда президенттик аппараттан маалымдашты.

«Биз ШКУну өз ара ишенимге негизделген кызматташууну өркүндөтүүчү аянтча катары көрөбүз. ШКУнун кадыр-баркы жыл өткөн сайын бекемделүүдө. Ага мүчө мамлекеттердин ынтымагы, ишенимдүү өнөктөштүгү жана бири-бирине болгон сый-урматы — бул Уюмдун негизи», — деп белгиледи Жээнбеков.

Президент 2019-жыл ШКУнун эгидасы алдында өтөөрүн жана ШКУ Саммитинин алкагында пландалып жаткан иш-чаралардын бардыгы Кыргызстан үчүн маанилүү окуя экенин белгилеп, каралчу маселелерди мазмундуу, жогорку деңгээлде даярдоону тапшырды.

Ал ШКУнун мындан аркы беделинин бекемделишине жана эл аралык аренада кадыр-баркынын өсүшүнө салым кошуу, терроризм, экстремизм, баңги заттарды мыйзамсыз айландырууга каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты күчөтүү, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык кызматташууну андан ары тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгиледи.

Эскерте кетсек, былтыр июнь айында Кытайдын Циндао шаарында ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги саммитинде Уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!